Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-апрели № 9/5
Теңдик жана Большевик айылдарынын калкты таза суу менен тейлөөдө суу акыларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын Тендик айылындагы ИСКАКБ « Теңдик -Мурза » жана Большевик айылындагы ИСКАКБ «Алтын Булак Касымгелди » коомдук бирикмелеринин 2017-жылга карата калктан жана айылдагы бюджеттик мекемелерден суу үчүн алынуучу акынын тарифин бекитип берүү жөнүндө кайрылууларын карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын Тендик айылындагы ИСКАКБ « Теңдик -Мурза » жана Большевик айылындагы ИСКАКБ «Алтын Булак Касымгелди »коомдук бирикмелеринин 2017-жылга карата калктан жана айылдагы бюджеттик мекемелерден суу үчүн алынуучу акынын тарифтери бекитилсин.
Кардарлар | Өлчөө бирдиги | Баасы (сом) |
Бюджеттик мекемелер Жеке ишкер | 1м/куб 1м/куб | 13-00 13-00 |
Калк үчүн | 1м/куб | 10-00 |
Анын ичинен: Көчөдөгү колонкадан суу алгандарга |
Бир адамга 1 айга Бир адамга 1 жылга |
23-00 276-00 |
Короосунан суу алгандарга | Бир адамга 1 айга Бир адамга 1 жылга | 30-00 360-00 |
|
|
|
Мончосу бар үйлөрдөн | 1 мончодон 1 айга 1 мончодон 1 жылга | 240-00 2880-00 |
Суу туташтыруу акысы |
| 1300-00 |
(подключение) | 1 абоненттен 1 жолу |
|
2. Ичүүчү суу менен бакчаларды, огороддорду сугарууга тыюу жана тартип бузгандарга 1м/ секунда кошуп алган трубанын тура кесилиш аянтына кеткен сууну 24 саатка көбөйтүп кубуна 10 сомдон канча күн кошулса ошол күнгө көбөйтүлүп айып салынары , суу киргизилген трубасы кесилери жашоочуларга ИСКАКБ « Теңдик -Мурза » жана ИСКАКБ « Алтын-Булак Касымгелди» бирикмелери тарабынан эскертилсин.
3. 2017-жылга карата калктан жана айылдагы бюджеттик мекемелерден суу үчүн алынуучу акыларды убагында чогултуп, мыйзамга ылайык иш жүргүзүү ИСКАКБ « Теңдик -Мурза » жана ИСКАКБ « Алтын-Булак Касымгелди» бирикмелеринин башчылары К.Жапаровго, А.Шаршенбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Балкыбеков |