ТоктомКүчүндө

Кочкор айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 9/6 «Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө» токтому

Редакция28.04.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз 9-сессиясы

 

2017-жылдын 28-апрели № 9/6

Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дүйшекеев Борукчуга, Жээнбекова Апалга, Кенебаева Бейшегүлгө, Быванцин Жумабек Харкеевичке, Исабаева Нурилага, Нишанова Бугалчага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2. Тиешелүү күбөлүктөрүн берүү Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Ж.Балкыбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Балкыбеков