КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз 10-сессиясы
2017-жылдын 4-майы № 10/2
Катуу тиричилик таштандыларын төгүүчү полигонго акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагында катуу тиричилик таштандыларын жайгаштыруучу полигонго чункур казууга акча каражатын бөлүштүрүүнү карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 23-март 2017-жылы №6/5 токтомунун негизинде №2215 статья менен айыл өкмөтүнүн аппаратына инвентарь алуу үчүн бөлүнгөн 200,0 (эки жүз мин) сом, имарат алдына жарнамалык такталарды коюуга бөлүнгөн 150,0 (жүз элүү миң) сом жана авто уналардын, техникалардын ремонтуна бөлүнгөн 100,0 (жүз мин ) сомдун 70,0 (жетимиш мин ) сому кыскартылып бардыгы 420,0 (төрт жүз жыйырма) мин сом акча каражаты айыл аймагынан чыгарылган таштандыларды жайгаштуруучу полигонго чункур казуу үчүн бөлүнсүн.
2. Республикалык бюджеттен айыл өкмөттүн счетуна түшкөн 264,0 (эки алтымыш төрт мин) сомдун 240,0 (эки жүз кырк мин) сому айыл аймагынан чыгарылган таштандыларды жайгаштуруучу полигонго чункур казуу үчүн, ал эми 24,0 (жыйырма төрт мин) сому Асел бала бакчасына чарбалык буюмдарды алуу үчүн бөлүнсүн.
3. Токтомдун негизинде акча каражатын бөлүп берүү жана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам чегинде пайдаланып, көрсөтүлгөн иштерди тезинен камсыз кылуу жагы “Кочкор-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Б.Биялиевага тапшырылсын.
Төрага | Т. Балкыбеков |