Загрузка документа…
НООКАТ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 –жылдын 16-апрели №15-7
Төөлөс айылдык кенешинин 2008-жылдын августундагы кезексиз сегизинчи сессиясынын № 23-2 токтомун жана 2010-жылдын декабрындагы он тогузунчу сессиясынын № 19-7-токтомдорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Ноокат райондук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык кенешинин 2008-жылдын 24-августундагы кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясынын № 23-2 токтому жана 2010-жылдын 25-декабрындагы он тогузунчу сессиясынын № 19-7-токтому бекитилсин.
2. Төөлөс айылдык округунун аймагында жайгашкан мурдакы "Улуу-Тоо" жылытма комплексинин курулуштарынын астындагы 21 га жер аянтынын 3 га жер аянты ээси Мурзаев Бараталиге, ал эми калган 18 га жер аянты Төөлөс айылдык округунун балансасына өткөрүлүп берилсин.
3. Керектүү документтерди тактап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгына жана кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат райондук кенешинин «Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу жана экология» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ноокат райондук кеңешинин төрагасы |
М.Ташбаев |