Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-марты № 5/2
Кызыл Белес айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016- жыл ичиндеги бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылдагы бюджеттин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча маселени карап жана талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Кызыл Белес айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017- жылдагы бюджетинин Киреше бөлүгү 100 005 ( бир жүз миң беш ) сомго жана Чыгаша бөлүгү 100 005 ( бир жүз миң беш ) сом болуп бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ө. Садыковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасы У.Турдубековго тапшырылсын.
Төрага | У. Турдубеков |