Загрузка документа…
НООКАТ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-апрели № 15-8
Ноокат районунун аймагында жеке ветеринардык сервис ачууга уруксат берүү жана кутурма, эхникоккоз, бруцеллез ооруларына эмдөө жүргүзүүгө тарифтик өлчөмдөрдү бекитүү жөнүндө
Райондун аймагында 2011-жылдын 1-январына карата жылкы 10 800 баш, ийри мүйүздүү кара мал 53 900 баш, майда жандык 137 000 баш, үй канаттуулар 149 000 баш, ит-мышыктар 11 060 баш катталган. Жогоруда көрсотүлгөн мал жандыктарга ветеринардык кызмат көрсөтүү үчүн шарттуу малдын башына эсептегенде 251 ветеринардык врач талап кылынат, ал эми азыркы күндө иштеп жатышкан ветеринарлардын саны 59. Бул деген 22 пайызды аран түзөт. Адистердин жетишпестигинен Кыргыз-Ата айыл округундагы кесипчилик окуу лицейинде 27 киши ветеринардык «Кенже фельдшер» деген адистикти бүтүрүп чыгышып азыркы күндө ветеринардык адистерге жардамчы болуп иштешет. Райондун аймагында акыркы жылдары эхникоккоз, кутурма, ооруларынын саны көбөйгөн. Бул оорулар биздин элибиздин көпчүлүгү ит багышкандыктан жана иттерин ветеринардык эрежелердин негизинде багылышына маани беришбегендиктен пайда болууда. Ветеринардык кызмат көрсөтүүдө бир баш итке 20 сом, бул акчага ветеринардык адис дагы итти эмдебейт, иттин ээси да кеткен акчага кызыкпайт, ошол себептен иттер эмделбей, цестодозго каршы залалсыздандыруу иштери начар болуп жатат. Ошондуктан иттин ээси тарабынан бир ит үчүн ветеринардык кызмат көрсөткөн кишиге 200 сом акча төлөнсө ветеринарлар кызыгып эмдешет. Ветеринардык кызмат көрсөтүүгө прейскурант боюнча 10 сом бир баш майда жандыкка көрсөтүлгөн. Чет мамлекеттик демөөрчүлөрдүн жардамы менен 6 сом акча берилет. Ошондуктан 4 сомдон акчаны мал ээлери өздөрү төлөсө жакшы болот.
Ошондуктан жогорудагы маселелерди чечүү боюнча райондук мамлекеттик ветеринардык башкармасы № 247 - кат менен кайрылган.
Маселелерди чечүү үчүн депутаттардын Ноокат райондук кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясынын 2011-жылдын 11-апрелинде жеке ветеринардык сервис ачууга уруксат берүү кутурма, эхникоккоз, бруцеллез ооруларына эмдөө жүргүзүүгө тарифтик өлчөмдөрдү бекитүү жөнүндөгү маселе каралган.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап депутаттардын Ноокат райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районунун аймагында калкка ветеринардык кызмат көрсөтүү үчүн райондук ветеринардык башкармалыгынын атайын түзүлгөн комиссиясынын макулдугу менен райондун аймагында «Кенже фельдшер» адистиги бар атуулдарга жеке менчик вет сервис ачып иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Райондук ветеринардык башкармасынын жеке менчик ветеринардык сервистерге калкка кызмат көрсөткөндүгү жана ар түрдүү ооруларды алдын алууга, эмдөө, залалсыздандыруу иштерин жүргүзгөндүгү үчүн ар бир итке 100 сомдон иттин ээлеринен төлөм жүргүзүү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясий жана атаандаштыкты өнүктүрүүбоюнча Ош, Баткен аймактык бөлүмү тарабынан бруцеллез оорусуна каршы эмдөөдө майда жандыктарга (кой, эчки) кызмат көрсөтүүгө төлөнгөн 10 сомдун 6 сомун чет мамлекеттик донорлордун төлөп берүүсү эске алынсын, калган 4 сому майда жандык ээлеринен төлөнсүн.
4. «Ветеринардык кызмат» жөнүндөгү мыйзамга ылайык иш кагаздарын даярдоо тийиштүү мекеме уюмдарга каттоо жүргүзүүгө байланышкан жумуштарды аткаруу райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Э.Кааровко тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук кенештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ноокат райондук кенешинин төрагасы |
М.Ташбаев |