Редакцияот 13.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл Белес айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

 

2017-жылдын 13-марты № 5/7

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Нарын облусунун Ак -Талаа районунун Кызыл Белес айылдык Кеңешинин V -сессиясынын жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл- Белес айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтуу өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анны аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде жүргүзүлүүсү милдеттендирилсин..

3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине эскертилсин.

4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдеттүү.

5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана белгиленген тартипте даярдоодо ,макулдашууда, бекитуудө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.

6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Кызыл Белес айыл аймагынын башчысы А.Абдылдаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

У. Турдубеков