Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-апрели № 6/2
Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Карагай-Там участкалык № 1212 контурлуу 0,05га купканын жерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынбай калгандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу боюнча
Күн тартибиндеги маселе боюнча маселени карап жана талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Карагай-Там участкалык “ 1212 контурундагы 0,05га купканын жерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынбай калгандыктан , айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине убактылуу каттоого алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Абдылдаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасы У.Турдубековго тапшырылсын.
Төрага | У. Турдубеков |