Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-апрели № 7/2
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковдун айыл чарбасы багытындагы үлүш жер аянтынан алынуучу жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковдун айыл чарба багытындагы үлүш жер аянтынан алынуучу жер салыгынын базалкы ставкасын көтөрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Баш -Кайыңды айыл аймагы айыл чарба багытындагы үлүш жер аянттарынан алынуучу жер салыгынын өлчөмү 1 га сугат жер үчүн 96 сом, 2017-жылдын 28-апрель айынан тартып 144 сом болуп көтөрүлсүн жана инфиляциялык коэфицент Кн1-04 кошулуп эсептелип жалпы сумма 150 сом болуп бекитилсин.
3. Баалулуктардын сакталышына жоопкерчиликти тартуу жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго жана башкы эсепчи Карыбек уулу Айбекке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Бокоев |