Загрузка документа…
НООКАТ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 –жылдын 16-апрели № 15-9
Райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы чарбалык эксплуатациялык мекемесин (ХЭК) каржылоо жөнүндө
Ноокат райондук билим беруу болумундо 110 жалпы билим беруучу, 47 балдар бакчасы, 2 мектептен тышкаркы мекемелер бар. Аларга байланышкан чарбалык иштерди аткаруу, электр тогунун сарпталышы жонундогу маалыматтарды алуу жана инженер технодзор штаты жоктугуна байланыштуу алардын милдети чарбалык эксплуатациялык мекемеге жуктолгон. Бул кызматкерлердин жумуш орду туштук регионалдык эсептоо палатасы тарабынан текшеруу учурунда максатсыз деп табылган. Ошондуктан мыйзамдуу штат бирдигин бекитип, аларды жергиликтуу бюджеттен кармоо максатында Ноокат райондук билим беруу болумунун 2011-жылдын 21-январындагы № 7 - катына негиз депутаттардын Ноокат райондук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы чарбалык эксплуатациялык мекемесинин штаттык бирдиги бекитилсин жана бир айлык сметага ылайык 5965 (беш мин тогуз жуз алтымыш беш) сом эмгек акы ай сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
2. Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы эксплуатациялык мекемесинин штаттык бирдигин кармоо, аны каржылоо жагы райондук финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Н.Абдувасиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ноокат райондук кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат райондук кенешинин төрагасы |
М.Ташбаев |