Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 1
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата жергиликтүү бюджеттин бекитүү жөнүндө
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Анаркул уулунун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы У.Раимбековтун маалыматын жана айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Б.Качкымбаевдин Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү туралуу кошмо баяндамасын угуп Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2017- жылга кирешелер бөлүгү № 1-тиркеменин негизинде 32 541 300 (отуз эки милион беш жүз кырк бир миң үч жүз) сом, анын ичинен 3 900 000 (үч миллион тогуз жүз миң) сом атайын эсеп.
Чыгашалыр бөлүгү 32 541 300 (отуз эки милион беш жүз кырк бир миң үч жүз) сом өлчөмдө бекитилсин. (киреше жана чыгаша бөлүгүнүн толук тиркемелери тиркелет)
Чыгашалар бөлүгү № 2-тиркеменин негизинде
аппарат бөлүмүнө: 6 597 100 (алты миллион беш жүз токсон жети миң бир жүз) сом;
ЖКХ: бөлүмүнө: 8 676 300 (сегиз миң алты жүз жетимиш алты миң үч жүз) сом;
Маданият бөлүмүнө: 372 477 (үч жүз жетимиш эки миң төрт жүз жетимиш жети) сом;
Билим берүү: 16 895 423 ( он алты миллион сегиз жүз токсон беш миң төрт жүз жыйырма үч) сом болуп жалпысы 32 541 300 (отуз эки милион беш жүз кырк бир миң үч жүз) сомго бекитилди.
2. Бөлүмдөр боюнча штаттык бирдиктер № 3-тиркеменин негизинде
аппарат бөлүмүнө: 2 623 600 (эки миллион алты жүз жыйырма үч миң алтыжүз) сом;
аппарат бөлүмүнөн келишим менен төлөнүүчү айлык акылар 731 500 (жети жүз отуз бир миң беш жүз) сом;
ЖКХ бөлүмүнө: 1 030 900 ( бир миллион отуз миң тогуз жүз) сом;
Маданият бөлүмүнө: 274 200 ( экижүз жетимиш төрт миң экижүз) сом
Билим берүү: 204 000 ( экижүз төрт миң) сом;
Жалпысы 2111 статьясы үчүн 4 864 200 (төрт миллион сегиз жүз алтымыш төрт миң эки жүз) сом, 2121 статьясы үчүн 864 500 (сегиз жүз алтымыш төрт миң беш жүз) сом акча каражаты каралды.
Калган беренелерге эсептөөлөр № 4-тиркемелер боюнча каралды
3. Жылдын аягына чейин жергиликтүү бюджетке тактоолор, статьядан статьяга, разделден-разделге, кварталдан кварталга которуулар Кара-Буура айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
4. Токтомду аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы У.Раимбековго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык Кеңешинин финансы-жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |