КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 3-сессиясы
2017-жылдын 10-февралы № 2
Мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруучу кызмат орундарын каржылоону токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы №127 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесин, 1-бөлүмүн жетекчиликке алып айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик бийлик органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен бир убакта аларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык же башка ресурстарды, анын ичинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди (субвенцияларды) караган учурларда гана мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө жол берилгендигине байланыштуу Кара-Буура айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен эсебинен каржыланган төмөндөгү кызмат орундарын каржылоо токтотулсун:
Аскер учет столунун инспектору – 2 штаттык бирдик;
Чоң Кара-Буура айылынын клуб башчысы – 1 штаттык бирдик;
Кызыл-Адыр айылындагы стадиондун директору – 1 штаттык бирдик;
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Анаркул уулу Н. милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика, регламент, курулуштар жана ички жолдор жана Бюджет жана инвестиция комиссиясы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |