Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 4
Штаттык бирдик ачуу жөнүндө
Кара-Буура айыл өкмөт башчысынын “Айыл өкмөтүнүн электригинин айлык акысын көтөрүү, комуналдык чарбага сантехник жана айыл өкмөтүнүн аппаратына штаттык бирдиктен тышкары эмгек келишимдин негизинде кошумча инвестиция жана долбоорлор менен иш алып баруучу штаттык бирдик ачуу жөнүндө” сунушунун негизинде айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн электриги кызматчысынын айлык акысы айына 15 000 (он беш миң) сом болуп бекитилсин;
2. Комуналдык чарбага сантехник кызмат орду ачылсын жана айлык акысы айына 10 000 (он миң) сом болуп бекитилсин;
3. Айыл өкмөтүнө инвестиция жана долбоорлор менен иш алып баруучу штаттык бирдик ачылсын жана айлык акысы айына 8 000 (сегиз миң) сом болуп бекитилсин;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана инвестиция комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |