Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 1
Айыл өкмөтүнүн аскер учет столунун инспектору 1 штаттык бирдигинин айлык акысын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
Кара-Буура айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын III–сессиясынын “Мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруучу кызмат орундарын каржылоону токтотуу жөнүндө” №2 токтомуна Кара-Буура райондук аскер комиссариатынын башчысы Тыналиев Т.А. кайрылуусунун негизинде өзгөртүү киргизүү максатында айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аскер учет столунун инспектору 1 штаттык бирдиктиктин айлык акысы 2017-жылга карата каржылансын.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Анаркул уулу Н. милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |