КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 4-сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 2
Жер участогун мыйзамдаштыруу жөнүндө
Үч-Булак айылынын тургуну 1-группадагы майып Жусупкан уулу Медердин “2004-жылы системалык каттоодон өтпөй калган 0,25га жер участогун мыйзамдаштырып берүү жөнүндө” кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-статьясына ылайык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Булак айылынын тургуну Жусупкан уулу Медердин жеке менчигине Н.Керимбеков көчөсүндө жайгашкан 0,25га жер участогу турак-жай куруу үчүн бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |