Загрузка документа…
НООКАТ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-апрели №15-10
Кыргыз-Ата, Кенеш айылдык округдарынын жерлерин трансформациялоо жөнүндө
Кыргыз-Ата, Кенеш айылдык округдарынын жерлерин трансформациялоо жөнүндөгүмаселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Ноокат райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жаңыдан үй-бүлө курган атуулдарга турак жай курууга жер ажыратуу жөнүндөгү кезектеги он төртүнчү сессиясынын 2010-жылдын 22-декабрындагы № 14-5, Таш-Булак участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун ынгайсыз айдоо жерлерин жайытка которуу жөнүндөгү № 14-9, Кыргыз-Ата, Борко, айылдарында көрүстөн үчүн жер ажыратуу жөнүндөгү № 14-10 токтомдору жана Кеңеш айылдык кеңешинин кезектеги он төртүнчү сессиясынын Ак-Терек айылынын эгин эгүүгө ынгайсыз, түшүмдүүлүгү начар кайрак жер аянттан жаңыдан үй-бүлө курган атуулдарга турак жай курууга жер ажыратуу жөнүндөгү 2010- жылдын 12-июлундагы № 14-3 токтому бекитилсин.
1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат райондук кеңешинин төрагасы |
М.Ташбаев |