Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 7
Жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Буура айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы М.Карачевдин 2017-жылга карата аткаруучу иш-планы, бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү тууралуу маалыматына ылайык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджети бекитилсин:
Киреше бөлүгү 493 000 (төрт жүз токсон үч миң) сом;
Чыгаша бөлүгү 493 000 (төрт жүз токсон үч миң) сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Бюджет жана инвестиция жана Муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |