Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 9
Жер аянттарын өздөштүрүүгө жана максаттуу багытын өзгөртүүгө мараторий жарыялоо жөнүндө
Кара-Буура айыл аймагындагы айдоо аянттарынын арасындагы, айыл четтериндеги жайыт жерлер азайып, үлүш жерлерге баруучу жолдор кыскарып мал жаюуга жайыт жерлер жетишсиз болуп жаткандыгы тууралуу тургундардын нааразычылык арыздарынын негизинде Кара-Буура айыл аймагындагы айдоо аянттарынын арасындагы, айылдардын ичиндеги жерлерди өздөштүрүүгө, көрктөндүрүү-жашылдандырууга, жайыт категориясындагы жерлердин пайдалануу багытын өзгөртүүгө мараторий жарыялоо максатында айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдардын ичиндеги жерлерди өздөштүрүүгө, көрктөндүрүү-жашылдандырууга, айдоо аянттарынын арасындагы жайыт категориясындагы жерлердин пайдалануу багытын өзгөртүүгө, пайдаланууга берүүгө 2017-жылдын 28-мартынан тартып эки жылдык мараторий жарыялансын.
2. Жайыт жер категориясынан башка категорияларга которулган жер аянттарын, өз алдынча жайын жерлерди айдоо жер катары өздөштүрүлгөн жерлерди бир айлык мөөнөттө тактоо жагы башчысы Анаркул уулу Н. жана жайыт комитетинин төрагасы М.Карачевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |