Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 10
Кара-Буура суу каналын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кара-Буура сууканалы Кызыл-Адыр айылынын тургундарын таза суу менен камсыздап келгендиги жана учурдагы абалы боюнча айылдын тургундарын толугу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү болбой, өзүн-үзү камсыздай албай жаткандыгы тууралуу сууканалынын жетекчиси Шабданов Н. кайрылуусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 2-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура сууканалына тиешелүү водозаборлор, суу берүүчү куурлары, кеңсеси, эмеректери жана башка мүлктөрү менен Кара-Буура айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу иштери айыл өкмөт башчысы Анаркул уулу Н. милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |