Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 11
Чоң Кара-Буура айылындагы III жана VI көчөнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө
Чоң Кара-Буура айылындагы Чоң Кара-Буура III жана VI көчөнүн тургундарынын жашоочуларынын 2017-жылдын 25-февралындагы аталган көчөлөрдү “Барпиев Назарбай атындагы көчө деп аталышын өргөртүү жөнүндө” кайрылуусунун жана көчө жамаатынын жалпы чогулушунун протоколдук чечиминин негизинде айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң Кара-Буура айылындагы Чоң Кара-Буура III жана Чоң Кара-Буура VI көчөнүн аталышы Барпиев Назарбай атындагы көчө болуп аталыштары өзгөртүлсүн
2. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |