Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 1
Кызматтык автоунаага каралган акча каражаттарын которуу жөнүндө
Айыл өкмөт башчысынын ВАЗ 21-07 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасы бүгүнкү күндө көп ремонтту талап кылып, тетиктери жараксыз абалга жетип, техникалык абалы начар болуп, убактылуу айдоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн кайрылуусуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун 5-пунктунун негизинде айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ВАЗ 21-07 кызматтык автоунаага 2017-жылга карата тетиктери, күйүүчү майлоочу майлары үчүн бөлүнгөн акча каражаты айыл өкмөт башчысынын жеке менчик Тайота Камри үлгүсүндөгү автоунаасына пайдалануу үчүн убактылуу уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын контролдоо бюджет жана инвестиция комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |