Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 2
Мыйзамсыз коюулган контейнер, павильондорду алуу жөнүндө
Кара-Буура районунун борбору Кызыл-Адыр айылы аркылуу өткөн мамлекеттик маанидеги Суусамыр-Талас-Тараз автожолунун жанында автобекет жайгашкан. Бул автобекеттин аймагына тиешелүү жерде бүгүнкү күндө контейнер, павильондор областттык автобекеттин жетекчилиги тарабынан уруксат берилип коюлган. Автобекетке тиешелүү жер 0,24га. Жарыктандандыруу орнотулган эмес, айланасы санитардык абалга жооп бербейт. Эң негизгизи автобекет жүргүнчүлөр үчүн шарттары жок, ыңгайсыз, базарга айланган. Ошол себептен өзүнүн негизги милдеттерине жооп бербейт. Жүргүнчүлөр тарабынан бир топ нааразычылыктар, ооз эки кайрылуулар болуп, бирок эч кандай иретке келтирилген эмес, кайдыгерлик, өзүм билемдик орун алып , автобекет өзүнүн фунционалдык милдетин так аткарбайт. Кызыл-Адыр автобекети өзүн-өзү соода сатыксыз эле толук каржылай алат. Автобекеттин чыгыш тарабында 20-30 метр аралыкта базар жайгашкан. Райондун тургундарынын мүдөөсүн эске алуу менен соода түйүндөрү алынып, талапка жооп бере тургандай болушу абзел. Жогорудагынын негизинде айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Автобекеттин аймагына тиешелүү жерлерге коюлган контейнер, павильондорду алуу жагы автобекттин жетекчилигине милдеттендирилсин аткаруу мөөнөтү 2017—жылдын 1-август.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине кайрылуу кат жолдонсун.
3. Айыл өкмөт башчысы Анаркул уулу Нурдинге автобекеттин айланасындагы айыл өкмөткө тиешелүү жерге коюлган контейнер, павильиондор алынсын аткаруу мөөнөтү 2017-жылдын 1-август.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |