Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 3
Кара-Буура айыл өкмөтүнө атайын техника алуу жөнүндө
Жалпы элдик чогулушта АРИС долбоору аркылуу каржылануучу акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүнө фронталдык погрузчик (ЛОДР) сатып алуу тууралуу маселе каралып жана колдоого алынып, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн шарт боюнча 25% өздүк салым болушу, алынган техника айыл өкмөтүнө кириштелип жана жайыттан тышкары айыл аймагына тиешелүү кызматтарды аткарууга колдонуп, айылдардын тургундарына кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Техниканын наркына жараша 25% өздүк салым айыл өкмөтүнүн алдындагы комуналдык чарбага каралган бюджетке өзгөртүү киргизүү аркылуу берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын контролдоо Бюджет жана инвестиция комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |