Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 4
Коммуналдык чарбага штаттык бирдик ачуу жөнүндө
Кара-Буура айыл аймагына караштуу Кызыл-Адыр айылынын Чаткал, Суусамыр, Бөкөнбаев, Май жана Жаштык көчөлөрүнө таза суу берүү системалары курулуп, 2016-жылдын 30-декабрында айыл өкмөтүнө куруучу тарабынан өткөрүлүп, жашоочуларга таза суу пайдаланууга берилген. Таза суу берүүчү водозабордо суу насосторун көзөмөлдөө иштерин аткаруу боюнча 2017-жылдын 1-мартынан тартып оператор кызматчысы иштеп баштаган. Ошондой эле таза суу берүү, калктын каттуу тиричилик таштандыларын чыгаруу төлөмдөрү бекитилгендигине байланыштуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Комуналдык чарбанын штаттык бирдигине Кызыл-Адыр айылына таза суу берүүчү водозаборго 1 штаттык бирдикте оператор кызмат орду ачылсын жана накталай колуна ала турган айлык акысы 8 000 (сегиз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин. Айлык акысы 2017-жылдын март айынан тартып төлөнүп берилсин.
2. Комуналдык чарбага Катуу тиричилик таштандылардын жана таза суу төлөмдөрүн жыйноочу 2 штаттык бирдик ачылсын жана накталай колуна ала турган айлык акылары 6000 (алты миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы Бюджет жана инвестиция, муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |