Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 5
Кара-Буура айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Адыр айылынын тургуну Сманалиев Манасбек Мойнокович Кызыл-Адыр айылында туулуп өскөн, эмгек жолун ушул айыл аймагында баштап, ар кандай кызматтарда үзүрлүү эмгектенген. Кара-Буура айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты, эгемендүүлүктөн баштап фермерлик чарба түзүп, мал чарбасын өнүктүргөн жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган. Ошондой эле министрликтердин да сыйлыктарына ээ. Жогорудагы эмгектерин эске алуу менен айыл өкмөтү сунушун берди жана айыл аймагы үчүн кылган эмгегин эске алуу менен айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сманалиев Манасбек Мойноковичке Кара-Буура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын контролдоо социалдык жана маданий комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |