Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 6
Кара-Буура айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Адыр айылынын тургуну Камчыбеков Чотон Сагынбекович 2003-жылдын май айынан бүгүнкү күнгө чейин Кара-Буура регионалдык казына бөлүмүндө башчы болуп эмгектенгенин, жалпы эмгек стажы 39 жыл, анын ичинде тармактагы 32 жылдык иш стажын, өзүнүн кесибин жакшы өздөштүргөн адис, уюштуруучулук жөндөмү мыкты жетекчи катары коомдук иштердин активдүү катышуучусу жана министрликтердин сыйлыктарынын ээси. Райондун жана айыл аймактын каржы тармагы боюнча аткарган эмгектеринин негизинде райондук каржы бөлүмү сунуш берди. Айыл аймагы үчүн кылган эмгегин эске алуу менен айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камчыбеков Чотон Сагынбековичке Кара-Буура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын контролдоо социалдык жана маданий комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |