Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июну № 3
Жайытты жайыт эмес багытта пайдалануудагы акы төлөмдү бекитүү жөнүндө
Кара-Буура айыл аймагында жайыт жерлерге тиешелүү болгон жайыт категориясындагы жерлер жарандар тарабынан айыл чарба өсүмдүктөрүн, бак өстүрүү жана башка багытта пайдаланылып жаткандыгы тууралуу Кара-Буура жайыт комитетинин 2017-жылдын 13-июнундагы “17.06.2017-жылдагы жайыт комитетинин жалпы чогулушунун чечимин бекитип берүү жөнүндө” №4 катынын негизинде айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт эмес багутта пайдаланылган жерлердин төлөмү 1га аянтка 1500 (бир миң беш жүз) сом болуп бекитилсин жана жайыт мыйзамынын негизинде колдонулсун.
2. Токтомду аткаруу жагы жайыт комитетине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |