Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июну № 4
Мал чарбасына тиешелүү долбоорлорго кошумча каражат бөлүү жөнүндө
Кара-Буура жайыт пайдалануучуларынын 2017-жылдын 1-майындагы жалпы чогулушунун чечимининде АРИС долбоору 2 кубка, 1 көпүрө салуу жана жол оңдоо чечиминин ошондой эле жайыт комитетинин 2017-жылдын 15-июнундагы жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорду түзүүгө жана кошумча төлөнүүчү 5% өздүк салымды каржылоо чечиминдеринин жана жайыт комитетинин 2017-жылдын 15-июнундагы №4 катынын негизинде айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагына 2 кубка, 1 көпүрө курууга сметалык долбоор түзүү үчүн 150000 (жүз элүү миң) сом жайыт жерлерине курулган электр чубалгыларынын кетирилген чыгымдар боюнча төлөнгөн каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Буура айыл аймагына 2 кубка, 1 көпүрө курууга АРИС долбоору аркылуу каржыланган акча каражатынын 5% өздүк салымы жайыт жерлерине курулган электр чубалгыларынын кетирилген чыгымдар боюнча төлөнгөн каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо бюджет жана инвестиция комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |