Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июну № 5
Түз келишимдин негизинде сметалык долбоор түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комунникация министрлиги тарабынан Кызыл-Адыр айылынын 3 км ички жолдорун асфальттоого бөлүнгөн каражатты мөөнөтүндө пайдалануу максатында жана Чоң Кара-Буура айылынын бордордук көчөсүн асфальттоо боюнча сметалык долбоорун тез аранын ичинде түзүп берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-июнундагы №477 кайрылуу катынын негизинде айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Адыр жана Чоң Кара-Буура айылдарынын ички жолдорун асфальттоо үчүн сметалык долбоор келишимдин негизинде жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Анаркул уулу Н. тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо бюджет жана инвестиция жана укук тартиби, мыйзамдуулук, этика, регламент, курулуштар жана ички жолдор комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |