Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июну № 6
Кызыл-Адыр айылынын ички жолдорун асфальттоого каралган акча каражатын Чоң Кара-Буура айылынын борбордук көчөсүн асфальттоого которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комунникация министрлиги тарабынан Кызыл-Адыр айылынын ички жолдорун асфальттоого акча каражаты бөлүнгөнүнө байланыштуу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-июнунданы №477 кайрылуу катынын негизинде айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттен 2017-жылга карата Кызыл-Адыр айылынын К.Осмоналиев көчөсүн асфальттоого каралган 4,0 млн сом акча каражаты Чоң Кара-Буура айылынын борбордук көчөсүн асфальттоо үчүн которулсун.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Анаркул уулу Н. тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо бюджет жана инвестиция жана укук тартиби, мыйзамдуулук, этика, регламент, курулуштар жана ички жолдор комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |