Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июну № 7
Бак-дарактарды кыркуу жөнүндө
Кара-Буура айыл аймагындагы калктуу конуштардагы кооптуу абалдарды жаратып, курулуш иштерине жолтоо болуп, коомдук жайларда, эл өтүүчү тротуарлардын боюнча, электр чубалгылар өтүүчү жерлерге жолтоо болгон, жеке үйлөргө жана имараттарга кооптуу абалды түзгөн бак-дарактарды кыркуу жана бутоо максатында айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Адыр айылындагы төмөндөгү көчөлөрдөгү тал-теректер орду түбү менен кыйылсын:
К.Осмоналиев жана Ч.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк-чыгыш жагындагы эл өтүүчү тротуардын боюндагы жаңы көчө түшүүчү тилкесинин жээгиндеги жолтоо болуп турган 11 түп мырза терек, 10 түп кара жыгач, 6 түп терек;
Ч.Айтматов көчөсүндөгү “Назыр” базарынан түштүк тарапты көздөй эл өтүүчү тротуардын боюндагы автоунаа токтоочу жайына тоскоол болуп, кооптуу абалды жаратып турган 104 түп кара жыгач, 15 түп бака терек;
Кызыл-Адыр айылынын К.Осмоналиев көчөсүндөгү № 43,47 көп кабаттуу үйлөргө кооптуу абалды жараткан 5 түп бака терек орду түбү менен кыйылсын.
2. Кызыл-Адыр, Үч-Булак жана Чоң Кара-Буура айылдарынын коомдук жайларында, эл өтүүчү тротуарлардын боюнча, электр чубалгылар өтүүчү жерлерге жолтоо болушкан жана үй менен имараттарга кооптуу абалдарды жараткан бак-дарактарды ар кандай табыгий кырсыктарды болтурбоо максатында алдын ала бутоо же болбосо кыйып салуу иштери жүргүзүлүп турсун.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Анаркул уулу Н. тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Осмоналиев |