Редакцияот 20.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 6-сессиясы

 

2017-жылдын 20-июну № 8

Мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы №127 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесин, 1-бөлүмүн жетекчиликке алып райондук салык башкармалыгынын жана айыл өкмөтүнүн келишимин негизинде айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салык тармагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу Кара-Буура мамлекеттик салык башкармалыгы жана Кара-Буура айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишим бекитилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Осмоналиев