Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-июну № 22/2
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкүнбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2016-жыл үчүн бекитилген бюджетининин киреше бөлүгүнүн төмөндөгү салыктын түрлөрүнөн;
-Киреше салыгынан 155,0(бир жүз элүү беш) миң сом
Жалпысы-155,0 миң сом акча каражаты киреше бөлүгүнөн кыскартылсын.
2. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2016-жыл үчүн бекитилген бюджетининин чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү ;
--70111 башкаруу аппараты –ст; 31123220 50,0(элүү) миң сом
--70921 билим берүү ст;22311200 50,0(элүү) ,ст; 31113390 55,0(элүү беш) миң сом.
Жалпы айыл өкмөт боюнча 155,0(бир жүз элүү беш) миң сом акча каражаты чыгаша бөлүгүнөн кыскартылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ш.Кадырматовго жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Э. Байышов |