Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-августу № 23/3
Жаңы-Жол айыл аймагынындагы көп батирлүү турак жайды, батир ээлерине өз менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл аймагынындагы көп батирлүү турак жайды, батир ээлерине өз менчигине өткөрүп берүү жөнүндө Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Акматовдун жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V1-чакырылышынын кезексиз ХХ111-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алгачкы менчиктештирүү боюнча батирлердин иш-кагаздары жок болгондуктан,Кыргыз Республикасынын Президентинин 20-декабрь 1991-жылдагы “Кыргыз Республикасында турак-жай фондусун приватташтыруу жөнүндө” Указына ылайык жана ”Жаны-Жол” акционердик коомунун профсоюздук комитетинин заседаниесинин 30-апрель 1994- жылдагы №4/12 токтомунун негизинде берилген,төмөнкү батир ээлерине,өзү жашап жаткан батирлери төмөндөгү жарандарга
Кубатбекова Элмира,Султаналиева Айжан,Осмоналиева Турдубу,Мамбетбаев Бакытбек,Кудаяркулова Салима,Асанбаева Гулмира,Тургунбаев Анаралы,Курманалиев Мелис,Токошов Мирбекке өз менчигине бекер өткөрүлүп берилсин.
2. Тийиштүү документтерди даярдоо жана Аксы районунун мамлекеттик каттоо башкармалыгына жөнөтүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Акматовго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана укуктук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg.сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Байышов |