Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-ноябры № 24/1
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу орто мектептерди 2016-2017-жылдарга карата комур менен камсыз кылуу үчүн 2016-жылдын бюджетинен каражат бөлүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу орто мектептерди кѳмүр менен камсыз кылуу үчүн 2016-жылдын бюджетинен каражат бөлүү жөнүндө Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкүнбаевдин жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V1-чакырылышынын кезектеги ХХ1V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке кѳмүр алуу үчүн келип түшкѳн 365(үч жүз алтымыш беш) миӊ сом акча каражаты мектептерге кѳмүр алуу үчүн жумшалсын.
2. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдуу жана максаттуу чыгымдоо жагы ФЭБ башчысы К.Көкүнбаевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Э. Байышов |