Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-ноябры № 24/2
Жаңы-Жол айыл аймагынын конкурстук комиссиясынын натыйжаларын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл аймагындагы айылдарды инвестициялоо долбоорунун 3-этабын ишке ашыруу боюнча артыкчылыкка ээ болгон көйгөйлөрдү бекитүү жөнүндө конкурстук комиссиянын төрайымы Э.Назаралиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V1-чакырылышынын кезектеги ХХ1V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагында ПСИ-3 долбоорун ишке ашыруу боюнча конкурстук комиссиясы тарабынан сунушталган артыкчылыкка ээ болгон көйгөйлөр жактырылсын.
2. Аталган токтомдор,чечимдер айыл аймагындагы коомдук жерлерге маалымат тактайчаларына илинсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Э. Байышов |