Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-ноябры № 24/3
Жаңы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын атайын каражатынын планына ѳзгѳртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын атайын каражатынын планына ѳзгѳртүү киргизүү жөнүндө Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкүнбаевдин жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V1-чакырылышынын кезектеги ХХ1V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ѳнүктүрүү саясат институту тарабынан учурдагы жардам катары бѳлүнгѳн акча каражаты ѳз статьялары боюнча жумшалсын.
2. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бѳлүмүнүн башчысы К.Кѳкүнбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Э. Байышов |