Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-январы № 1/1
Жаңы-Жол айылдык Кеӊешинин тѳрагасын шайлоо жөнүндө
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айылдык Кенешинин тѳрагасын шайлоо жѳнүндѳ эсептѳѳ комиссиясынын жыйынтыгын угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V11-чакырылышынын уюштуруу 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айылдык Кеӊешинин тѳрагасын шайлоо жѳнүндѳ эсептѳѳ комиссиясынын жыйынтыгын негизинде Дооранов Рысалы, Жаңы-Жол айылдык Кеӊешинин тѳрагасы болуп шайлансын.
2. Жаңы-Жол айылдык Кеӊешинин тѳрагасынынын орун басары болуп кѳпчүлүк добуш менен Керимкулов Болсунбек шайлансын.
3.Бул токтомдун кѳчүрмѳсүн Аксы райондук аймактык шайлоо комиссиясына жѳнѳтүү жагы Жаны-Жол айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Адылбековго жүктѳлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына милдеттендирилсин.
5. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | А. Карашов |