Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 2/2
Жаӊы-Жол айыл аймагынын ѳнүктүрүү Стратегиялык жана инвестициялык планын жана артыкчылыкка ээ болгон “Маданият-калктын күзгүсү” долбоорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл аймагындагы АРИСтин айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабын ишке ашыруу боюнча сунушталган жергиликтүү аймакты ѳнүктүрүүнүн Стратегиялык жана инвестициялык планы жана коомдук угууда артыкчылыкка ээ болгон “Маданият-калктын күзгүсү” долбоору боюнча,демилгечи топтун тѳрагасы М.Акматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V11-чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагында АРИСтин айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабын ишке ашыруу боюнча Коомдук угууда сунушталган жергиликтүү аймакты ѳнүктүрүүнүн Стратегиялык жана инвестициялык планы жактырылсын.
2. Жумушчу топ тарабынан даярдалып сунушталган, коомдук угууда артыкчылыкка ээ болгон “Маданият-калктын күзгүсү” долбоору бекитилсин.
3. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |