Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 3/4
Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын атайын каражатынын киреше бѳлүгүнѳн 2017-жылга калдык акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ
Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн каржы бѳлүмүнүн башчысы К.Кѳкүнбаевдин 2016-жылдын атайын каражатынын киреше бѳлүгүнѳн 2017-жылга калдык акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ билдирүүсүн,бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаны-Жол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын киреше бѳлүгүнѳн 2017-жылга калган 175,6( Бир жүз жетимиш беш мин алты жүз) сом калдык акча каражаты тѳмѳндѳгүдѳй тартипте:
-Транспортук чыгашалар үчүн 6,0 миң сом
-Уюлдук байланыш кызматын кѳрсѳтүү үчүн 3,0 миң сом
-Дагы башка транспорт кызматын кѳрсѳтүү 2,0 миң сом
-Кызмат кѳрсѳтүүнүн башка түрлѳрү 164,6 миң сом
Жалпысы 175,6( Бир жүз жетимиш беш миң алты жүз ) сом жумшалсын.
2. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жуктолсун.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |