Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 3/6
Жаӊы-Жол айыл Кеӊешинин депутаты Ж.Осмонованын арызын канааттантыруу жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл Кеӊешинин депутаты Ж.Осмонованын Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык мандатын тапшыруу жѳнүндѳгү арызын угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин депутаты Ж.Осмонова,Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу,депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун .
2. Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынан №2333 шайлоо участкасындагы кезекте турган талапкерге депутаттык мандат берүү жагы суралсын.
3. Аталган токтомду Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруу жагы Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Адылбековго жүктѳлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |