Загрузка документа…
НООКАТ РАЙОНДУК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-январы №12-1
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин милдетин аткаруучу К.Салиевдин райондун аймагында 2010-жылда аткарылган иштер тууралуу билдирүүсү жөнүндө
Депутаттардын Ноокат райондук кеңеши райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин милдетин аткаруучу К.Салиевдин райондун аймагында 2009-жылда аткарылган иштер тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Ноокат райондук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин милдетин аткаруучу К.Салиевдин райондун аймагында 2010-жылда аткарылган иштер тууралуу билдирүүсү эске алынсын.
2. Райондун аймагында өнөр-жай,кайра иштетүү ишканаларын куруу,ал үчүн чет элдик инвестицияларды тартуу,жеке салымдарды кошуу,жаңыдан ишканаларды ачуу менен жумушчу орундарды көбөйтүүгө райондук мамлекеттик администрация тарабынан иштиктүү чаралар көрүлсүн.
3. Капиталдык курулушка көңүлдүн борборун буруу менен учур талабына шайкеш келген өндүрүштүкдейлөө багытындагы курулуштарды,жашоого ынгайлуу болгон турак-жай курулуштарын курууга багыттар берилсин.
4. Райондун аймагындагы борбордук жана ички жолдорду ремонттоо үчүн финансылоонун түрдүү булактарын издөөгө жана колдонууга жетишилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Ноокат райондук кеңешинин төрагасы |
М.Ташбаев |