Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 3/7
Жаӊы-Жол айыл аймагындагы Жаӊы-Жол жана Таштак айылдарында жарык берүүнү уюштуруу кызматтарын жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашырууга,ѳздүк салым үчүн акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл аймагындагы Жаӊы-Жол жана Таштак айылдарында жарык берүүнү уюштуруу кызматтарын жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашырууга, ѳздүк салым үчүн акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ Жаӊы-Жол айыл аймагында «Жергиликтүү деӊгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу» долбоорунун координатору М.Акматовдун жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жергиликтуу айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Жол айыл аймагындагы Жаӊы-Жол жана Таштак айылдарында жарык берүүнү уюштуруу кызматтарын жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашырууга ѳздүк салым үчүн Раздел 70629 статьясынан 80 (сексен) миӊ сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдуу жана максаттуу чыгымдоо жагы ФЭБ башчысы К.Кѳкүнбаевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Р. Дооранов |