Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 4/2
Жаӊы-Жол айыл аймагындагы жеке менчик малдарды жайыттарга чыгаруу жана жайлоодон көчүп келүү мөөнөтүн,бада төлөмүн бекитүү жөнүндө
Жаӊы-Жол айыл аймагындагы айылдарда ѳткѳн чогулуштардын жыйынтыгы боюнча,айыл ѳкмѳт башчысынын билдирүүсүн,айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жакынкы жайыттарга кѳчүү-20-30.04.2017-жылга жана жайлоодон кѳчүп келүү.
10.09.2017-жылга белгиленсин.
2. Бада тѳлѳмү—жандыкка-60 сом,кара малга-350 сом,тузу мал ээсинен.Кой,эчки жоголсо ордуна башына баш ,козуга 1500 миӊ сом,улакка 800 сом тѳлѳнүп берилсин.Күзгү бада тѳлѳмү 60 сомдон, жоголсо башына баш тѳлѳнсүн.
3. Жер айдоо акысы-үлүш жерлерге—30 сомдон,менчик огороддорго—40 сомдон белгиленсин.
4. Күзгү бада алган бадачылар айыл ичинен сырткары, жакынкы жайыттарга отурушсун.
5. Жогорудагы белгиленген бааны , кѳчүп чыгуу,кѳчүп келүү мѳѳнѳтүн так бузгандарга түзүлгѳн актынын негизинде административдик чара кѳрүү жагы айыл ѳкмѳт башчысына жүктѳлсүн.
6 .Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |