Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 4/4
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жѳнүндѳ” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык,Жаӊы-Жол айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин,жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу жана пайдаланууну камсыз кылуу боюнча айрым ыйгарым укуктарды ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине негиз Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы К.Райымбековдун,жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу жана пайдалануу боюнча маалыматын жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү ѳз алдынча органынын ыйгарым укуктары ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү Кеӊеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча кѳп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүлүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бѳлүгүндѳ кѳрсѳтүлгѳн пландар ѳз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнѳ ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе,анын ичинен Жайыл комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса,ѳткѳрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта айыл ѳкмѳтүнѳ кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчѳлѳрүнѳ,жайыт пайдалануучуларга,айыл ѳкмѳтүнѳ жана анын жергиликтүү Кеӊештин депутаттарына Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык ѳз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду,маалыматтарды берип турууга мидеттүү.
5. Жайыт комитетине айыл ѳкмѳтү тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды ѳз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо,макулдашууда,бекитүүдѳ жана аткарууда ар тараптуу жардамдар кѳрсѳтүлүп туруу жагы белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жѳнүндѳ” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
8. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |