Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 4/5
Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн соц.адиси Э.Айдаркулованын билдирүүсү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл айыл ѳкмѳтүнүн соц.адиси Э.Айдаркулованын аткарган иштери боюнча билдирүүсүн жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V11-чакырылышынын кезектеги 1V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн соц.адиси Э.Айдаркулованын билдирүүсү айтылган сын-сунуштардын негизинде “эскертүү” берүү жагы айыл ѳкмѳт башчысына сунушталсын.
2. Аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳргѳ жѳлѳк пул чегерүү боюнча түзүлгѳн комиссия курамына коомчулуктун ѳкүлдѳрүнѳн киргизүү жана мыйзам чегинде ѳз убагында реалдуу чечүү жагы белгиленсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |