Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 4/6
Жаӊы-Жол айыл аймагында жазгы талаа жумуштары жана айлана чѳйрѳнү кѳрктѳндүрүү,жашылдандыруу,ишембиликтерди ѳткѳрүү боюнча 3 айлыктын жүрүшү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл аймагында жазгы талаа жумуштары жана айлана чѳйрѳнү кѳрктѳндүрүү,жашылдандыруу,ишембиликтерди ѳткѳрүү боюнча 3 айлыктын жүрүшү”боюнча айыл ѳкмѳт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V11-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айлана чѳйрѳнү кѳрктѳндүрүү,жашылдандыруу,ишембиликтерди ѳткѳрүү боюнча 3 айлык жүрүшү элге жеткирилсин.
2. Айлана тегеректи тазалоо,ишембиликтерди уюштуруу жана арыктарды 25-апрелге чейин тазалоо жагы мекеме-уюмдардын жетекчилерине айыл ѳкмѳттүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Жол жээгине таштанды таштаган,айлана-тегерегин тазалабаган тургундарга 500 сом айып акча салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
5. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |