Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 5/2
Жаңы-Жол айыл аймагынын чек араларын жана муниципалдык жерлерди тактоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагындагы чек араларын жана муниципалдык жерлерди тактоо боюнча комиссия түзүү жѳнүндѳ Жаңы-Жол Айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Доорановдун сунушун угуп жана талкуулап,Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезекcиз V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагындагы чек араларды жана муниципалдык жерлерди тактоо боюнча тѳмѳндѳгү курамда комиссиянын курамы бекитилсин .
Калпаков Нурбек- комиссиянын тѳрагасы
Мүчѳлѳрү : Кудаяркулова Батма – Бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү
Анарбаева Сайран- Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү
Кулматов Алимбай - Мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү
Айыл башчылар,Жер адис,Жайыт комитетинин төрагасы
2. Түзүлгөн комиссия тарабынан коңшу айыл өкмөттөр менен такталбаган чек ара чектерин тактоо жана айыл аймагындагы талаш жерлерди чечүү жагы жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кенешинин Мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |