Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-июну № 6/2
«Жаӊы-Жол айыл аймагында ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркокоопрейшин Ассосациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы жана Швецария Ѳкмѳтү каржылаган «Ѳнүктүрүү саясат институту» тарабынан «Жергиликтүү деӊгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу» долбооруна сунушталып жаткан Таштак айылына дене тарбиясын жана массалык спортту ѳнүктүрүү боюнча «Кичи футболдук аянтча куруу» долбооруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл аймагында ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркокоопрейшин Ассосациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы жана Швецария Ѳкмѳтү каржылаган «Ѳнүктүрүү саясат институту» тарабынан «Жергиликтүү деӊгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу» долбооруна сунушталып жаткан Таштак айылына дене тарбиясын жана массалык спортту ѳнүктүрүү боюнча «Кичи футболдук аянтча куруу» долбооруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Осмонованын Жаӊы-Жол айыл аймагында «Жергиликтүү деӊгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу» долбоорунун координатору М.Акматовдун билдирүүсүн жана Таштак айылынын жалпы чогулушунун токтомун угуп жана талкуулап Жергиликтуу айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштак айылына дене тарбиясын жана массалык спортту ѳнүктүрүү боюнча «Кичи футболдук аянтча куруу» долбоору Ж.Мамытбеков атындагы мектептин спорттук аянтына которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |