Редакцияот 28.01.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ноокат райондук кеңешинин (IV чакырылышынын) кезектеги он экинчи сессиясы

 

2011-жылдын 28-январы №12-2

Ноокат райондук кеңешинин 2010-жылдын 2-мартындагы сессиясынын № 8-2 токтому менен бекитилген 2010-жылга райондук бюджетти жана 2011-2012-жылдыарга райондук бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 11-июнундагы «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү» № 78 жана «2009-жылдын респубдикалык бюджета жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык 2009-жылды жыйынтыктоо үчүн бекитилген райондук бюджеттин киреше жана чыгаша тарабына толуктоолор райондук кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктуна ыайык депутаттардын Ноокат райондук кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат райондук кеңешинин 2010-жылдын 2-мартындагы сессиясынын № 8-2 токтому менен бекитилген 2010-жылга райондук бюджетти жана 2011-2012-жылдыарга райондук бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү№ 1,2 тиркемелерге ылайык бекитилсин. (№ 1,2 тиркемелер тиркелет).

2. Бөлүнгөн акча каражаттарын каржылоону жүргүзүү райондук финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Абдивасиевага тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук кенештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Ноокат райондук кеңешинин төрагасы

 

К.Шамаева